АТКА МИНГЕНДЕ ЭЛЕ КЫЙШЫК ОТУРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015А дегенде, баштаганда, эле иши оң эмес эле, башын туура эмес баштаган, мурунтан кыйчалыш эле. Атка мингенде эле кыйшык отурган, көп узай алган жок («Ала-Тоо»). В.: Аттанганда эле көчүгү кыйшык эле. Бул бечаранын аттанганда эле көчүгү кыйшык эле, иши оңолбой калган тура («Чалкан»).